Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

Токтогулда депутаттыкка талапкер массалык башаламандыкка шектелип кармалды


Болот Дүйшөналиев, Токтогул районундагы активист.
Болот Дүйшөналиев, Токтогул районундагы активист.

Жалал-Абад облустук милициясы Токтогул шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан “Эркин эл” партиясынын жергиликтүү лидери Болот Дүйшөналиевди 2-ноябрга оогон түнү камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын өкүлү Бексултан Баяман уулу билдирди.

Дүйшөналиевдин адвокаты Мунарбек Түрковдун билдиришинче, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 31-октябрда Болот Дүйшөналиевге карата Кылмыш кодексинин 278-беренесинин 3-пункту (“Массалык баш аламандыкка чакыруу”) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Милиция аны Токтогулдан Жалал-Абад шаарына суракка чакырып, “эч жакка чыкпоо” шарты менен кое берип, 2-ноябрга кайрадан суракка чакырган. Ага жетпей 1-ноябрда түнкү саат 12де кармаган.

Жалал-Абад шаардык тергөө соту ошол эле күнү анын баш коргоо чарасын карап, 20-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Адвокаттын маалыматына караганда, милиция 9-сентябрда Болот Дүйшөналиевдин социалдык тармактарга тараган алты видеосу боюнча рапорт жазып, 31-октябрда кылмыш ишин козгогон.

Далил видеолорду Юстиция министрлигинин алдындагы лингвистикалык экспертизалык борборго берип, алар активисттин сөздөрүндө “онлайн-митингдер аркылуу башаламандык уюштуруу чакырыгы бар” деген корутунду чыгарып берген.

Болот Дүйшөналиев буга чейин социалдык тармактарда Токтогул районунун акимин, анын орун басарын жана шаар мэрин сындап чыккан. Нааразылык иретинде онлайн-митинг өткөрүү тууралуу пикирин билдирген.

Ал Токтогул шаардык кеңешинин мурунку чакырылышынын депутаты, 17-ноябрда өткөнү жаткан жергиликтүү шайлоого да ошол партиядан катышып жаткан. Буга чейин райондогу бала бакча, мектеп, жолго байланышкан бир катар көйгөйлөрдү көтөрүп, социалдык тармактар аркылуу жарыялап келген.

Депутаттыкка талапкердин макамы жазылган “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамда расмий катталган талапкер эгерде кылмыш жасап жаткан жеринен кармалбаса, добуш берүүнүн жыйынтыгы жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланганга чейин аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы, кармалбашы, камакка алынбашы же соттук тартипте чара көрүлбөшү керектиги белгиленген.

Болот Дүйшөналиевдин адвокаты менен тарапташтары укук коргоо кызматкерлери ушул мыйзамды сактабаганын билдиришүүдө.

Облустук милиция жана шаардык сот талапкердин кармалышы тууралуу маалымат бере элек. (KbA)

XS
SM
MD
LG