Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Согуш Украинада 585 баланын өмүрүн кыйып, 1600дөн ашууну жараат алды


Украина, Чаплино айлындагы талкаланган үйлөр. 25-август 2022-жыл
Украина, Чаплино айлындагы талкаланган үйлөр. 25-август 2022-жыл

Орусия армиясынын кол салуусунан улам Украинада 585 баланын өмүрү кыйылды. Дагы 1664ү ар кандай жарааттарды алган. Мындай маалыматты Украинанын башкы прокуратурасы билдирди.

Балдар көбүнчө Донецк (597), Харьков (459), Днепропетровск (184), Запорожье (145) Киев (133) жана Николаев (117) облустарында көп жабыркаган.

Мурдараак Украинанын ички иштер министри Леонид Тимченко согуштун айынан 1700 ашуун бала дайынсыз болуп жатканын кабарлаган. Маалыматка ылайык, өзгөчө жагдайда дайынсыз жоголгондордун бирдиктүү реестринде жалпысынан 52 миңден ашуун киши катталган.

Октябрдын башында БУУнун Украинадагы адам укуктарына мониторинг кылуу миссиясы орус армиясынын кол салуусунан кийинки өлкөдөгү абал боюнча кезектеги баяндамасын жарыялаган. Ага ылайык, Орусияга кол салган 2022-жылдын 24-февралынан 31-августуна чейин Украинада 11743 жай тургун каза болуп, дагы 24614 киши жарадар болгон.

2024-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки аралыкта 589 жай тургун Украинадагы согуштун курмандыгы болсо, 2685 киши жарадар болгон. (KbA)

XS
SM
MD
LG