Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:05

Президент авиакомпанияларга көзөмөлдү күчөтүү керек экенин билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда катталган айрым авиакомпаниялар чет өлкөдө гана рейстерди аткарып жатканын билдирип, аларга көзөмөлдү күчөтүү керек экенин айтты. Бул тууралуу мамлекет башчы 2-ноябрда Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазды.

Президент Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги бир жыл ичинде Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) коопсуздук боюнча эки аудитинен (учуу коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук) ийгиликтүү өткөнүн кабарлады.

Садыр Жапаров Африкадагы Судан өлкөсүндө мурда Кыргызстандын каттоосунан чыгарылган Ил-76 учагы кабылган кырсык тууралуу жазып, мындай окуялар Кыргызстандын Европа Биримдигинин кара тизмесинен чыгуу аракетине коркунуч жаратарын кошумчалады.

“Биздин максат - Кыргызстандын туусу алдында иш алып барган ар бир авиакомпаниянын өз ишмердүүлүгүн толук ачыктуулук жана эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык жүргүзүүсүн камсыздоо. Бул окуя авиакомпаниялардын чет өлкөдө аткарган ар бир учуу ишине катуу жана үзгүлтүксүз көзөмөл киргизүү зарылдыгын баса белгилейт, анткени мындай көрүнүштөр Кыргызстандын Европа Биримдигинин кара тизмеден чыгуу аракеттерине түздөн-түз коркунуч жаратууда”, -деп айтылат билдирүүдө.

Президент тиешелүү мамлекеттик органдарга чет өлкөдө гана иш жүргүзгөн авиакомпанияларды тез арада текшерип чыгып, талапка жооп бербегендерге катуу чара көрүү жана тиешелүү жарлык даярдоо тапшырмасын берди.

Жүк ташуучу Ил-76 учагы Суданда 21-октябрда кыйраган. “Ыкчам колдоо күчтөрү” тобу аны адашып атып алганын билдирген. Бул учак аталган топ ээлеп турган эл-Фашр шаарына курал, ок-дары жана азык-түлүк жеткирүү үчүн колдонулуп жүргөнү да маалымдалган.

Ил-76 кабылган окуядан кийин бул учак Кыргызстанда катталганы, ага кыргызстандык New Way Cargo Airlines авиакомпаниясы ээлик кылары, орду “Манас” аэропортунда экени тууралуу маалымат чыккан.

Жарандык авиация агенттиги EX-76011 номуру менен катталган ИЛ-76ТД учагы ушул жылдын 12-январында Кыргызстандын реестринен чыгарылып, Суданда катталганын маалымдаган.

Судандык топ учакты атып түшүргөндөн кийин орусиялык бизнесмен Виктор Грановдун Кыргызстандын “Манас” эл аралык аэропортуна кирүүгө уруксат берүүчү документин тапкан. Аэропорт аларда андай киши иштебей турганын жарыялаган, ошол эле учурда Гранов Бириккен Араб Эмирликтеринде катталган Airline Transport Incorporation авиакомпаниясынын башкы инженери болгону тууралуу маалыматты ырастаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG