Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:01

Соцтармактын колдонуучусу билдирүүсү үчүн кармалганы кабарланды


Сүрөт Айтилек Орозбековдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Айтилек Орозбековдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн Айтилек Орозбеков деген жаран кармалганын анын адвокаты Исмаил Каримжанов 2-ноябрда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери аны 1-ноябрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен айып таккан.

“2-ноябрь саат 17:00дө сотто бөгөт чарасы каралат. Ал күнөөнү мойнуна албайт, “эч кандай чакырык кылган эмесмин” дейт. Анын жазгандарын жакынкы күндөрү экспертизага жөнөтүп, чакырык бар же жокпу аныктайт экен”, - деди адвокат Исмаил Каримжанов.

Ал эми Айтилек Орозбековдун досумун деп тааныштырып, атын ачык айтпоону суранган адам Айтилек TikTok социалдык түйүнүнө жарыялаган видеого байланыштуу кармалганын айтты. TikTok Кыргызстанда быйыл апрелде бөгөттөлгөн.

Атайын кызмат Айтилек Орозбековго коюлган айып жана козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек.

Айтилек Орозбековдун жакындарынын айтымында, ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловдун коомдук башталыштагы жардамчысы, кийин “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык партиясынын мүчөсү болгон.

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар катталып келет.

“Азаттык” былтыр декабрь айында 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 30га чукул адамдын тизмесин жарыялаган. Иш ачылгандардын арасында 70 жаштагы байбичеден тарта 20 жаштагы студентке чейин бар. (MKt)

Шерине

XS
SM
MD
LG