Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

31-октябрь: ЖАК Аспековдун айып изоляторуна камалганын төгүндөдү, Жумгалда жоголгон ата-бала табыла элек


Мелис Аспеков сотто
Мелис Аспеков сотто

31-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жоомарт Карабаев эркиндикке чыкты

31-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевди эч жакка чыкпоо тил каты менен сот залынан бошотту. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жоомарт Карабаевди 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган. Ал мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген. Жоомарт Карабаев Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып турган. Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес.

Ташиев Мадумаровдун президентке берген жообун сындады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун президент Садыр Жапаровдун маегине берген жообун сынга алды.

“Ошол Мадумаров тилинин азабын дагы тартат. Тилинин азабын тартып жүрүп депутаттыктан да кетти”, - деди.

Саясатчы Адахан Мадумаров “Азаттыктын” комментарий берип жатып гимнди өзгөртүү сунушун сынга алган. Садыр Жапаров гимнди алмаштырууну колдой турганын айтып, Адахан Мадумаров мамлекеттик катчы болуп турганда Кыргызстандын символикаларын алмаштыруу демилгесин өзү көтөргөнүн, азыр эми бул ойго каршы чыгып жатканын билдирген.

Мадумаров “Апрель” телеканалына президенттин маеги боюнча комментарий берип, “гимнди парламент же президент өзгөртө турганын, ал мамлекеттик катчы болуп турганда Садыр Жапаровго символикаларды алмаштыруу боюнча эч нерсе айтпаганын” кабарлаган.

Пентагон: Түндүк кореялык аскерлердин согушка тартылышы кооптуу

АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин Орусиянын Украинага каршы согушуна түндүк кореялык аскерлердин тартып жатышын "кооптуу жана дестабилдештирүүчү эскалация" деп атап, бул кадам жаңжалды дагы узартып жибериши мүмкүн деген пикирин бөлүштү.

Пентагондо 30-октябрда өткөрүлгөн маалымат жыйында Остин Орусиянын чыгышында 10 миңдей түндүк кореялык аскер жайгаштырылганын кошумчалады.

Түндүк кореялык аскерлер Орусияга жайгаштырылганы тууралуу маалыматты алгач расмий Сеул бир нече жума мурда билдирген. Кийин бул кабарларды украин бийлиги, андан соң НАТО ырастады. Пхеньян азырынча бул маалыматты четке кагып келет, ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин төгүндөгөн эмес.

Нурлан Мотуев кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Нурлан Мотуев “расалык, этносту, улуттар аралык кастыкты козутууга” шек саналып кармалганын билдирди. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин 17-октябрдагы жыйынында акчасын алдаткан адамдардын каражатын кайтарып берүүгө убада кылып, социалдык тармактардан видео кайрылуу жасап жаткан Нурлан Мотуевге милиция эскертүү бергенин айткан.

Грузияда шайлоо жыйынтыгын бурмалоо боюнча эки киши камалды

Грузиянын бийлиги билдиргендей, шайлоонун жыйынтыгын ыктымал бурмалоого байланыштуу 47 иш козголду. Андан тышкары 26-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бюллетендерди жапырт ыргытууга шектелген эки адам камалганы кабарланды. Орусияга ыктаган, 2012-жылдан бери бийликти колдон чыгарбай келе жаткан "Грузин кыялы" партиясы шайлоодо жеңгенин жарыялаган. Алдын ала жыйынтыктарга караганда аталган партия добуштардын дээрлик 54% алган. Буга нааразылыгын билдирген миңдеген адам Тбилисиде эки күн катары менен акцияга чыгышты. Европачыл президент Саломе Зурабишвили жапырт көз боемочулук жана Орусиянын кийлигишүүсү болгонун айтып, шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты. Орусия Грузиядагы шайлоого кийлигишпегенин билдирүүдө.

ЖАК: Аспеков айып изоляторуна камалган эмес

Жаза аткаруу кызматы жети жылга эркинен ажыратылып, абакта отурган Мелис Аспеков №3 абакта жазасын өтөп жатканын, ал айып изоляторуна камалбаганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы Аспековдун социалдык тармактарга жарыяланган видео кайрылуусу боюнча да өзү менен сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн 31-октябрда маалымдады.

29-30-октябрда АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов (Куренов) Фейсбуктагы баракчасына Мелис Аспековдун видеолорун жарыялаган. Андан кийин Аспеков түрмөнүн айып изоляторуна камалганын жазган.

Видеокайрылууда Аспеков 2023-2024-жылдардагы окуяларга: кылмыш дүйнөсүнүн лидери Камчыбек Көлбаевдин атайын операцияда жок кылынганына, Райымбек Матраимовдун Бакудан кармалып, Бишкекке жеткирилгенине токтолгон. 2020-жылы Октябрь окуяларында Бишкекте башка саясий күчтөргө каршы митинг өткөрүү үчүн Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Матраимовдон "жалпысынан 3 миллион доллар алынып, Садыр Жапаровго берилгенин, анын 1,5 миллионун жеке өзү алып барып бергенин" айткан. Бирок айткандарына далил көрсөткөн эмес.

Жумгалда жоголгон ата-бала табыла элек

15 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Нарын облусундагы Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундары Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзат Самарбеков дагы деле табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы ата-баланы издөө иштерине 100дөн ашык киши, 9 дрон тартылганын билдирди. Буга чейин президент Садыр Жапаров дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берген. 45 жаштагы Болот Карыпбеков жана анын тогуз жаштагы уулу Бекзат Самарбеков 16-октябрда мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Казакстан: Каспийде бир жумада 300дөй түлөн кырылды

Казакстандын Мангыстоо облусунда Каспий деңизинин жээгинде 24-октябрдан бери 289 түлөндүн (тюлендин) өлүгү табылды. Кызыл китепке киргизилген түлөндөрдүн өлүмүнүн себеби белгисиз бойдон калууда.Учурда деңиз жээгинде тийиштүү мекемелердин кызматкерлери иш алып барууда. Жергиликтүү блогер Азамат Сарсенбаев түлөндөрдүн айрымдарынын моюнунда тордун изи бар экенин жазып, сүрөттөрүн жарыялады. Илимпоз Асел Баймакунова түлөндөрдүн көбү бооз болгонун социалдык түйүндөргө жазды. Адистердин эсебинде, жүз жыл мурда Каспийде 1 миллион түлөн болсо, азыр алардын саны 100 миңдин гана тегерегинде.

Германиянын соту тажик активисти Дилмурод Эргашевди депортациялоону чечти

Германияда тажик оппозициясынын активисти Дилмурод Эргашев кармалды.

"Группа 24" оппозициячыл тобунун активдүү мүчөсү болуп келген Эргашев 13 жылдан бери Германияда жашайт. Ал 28-октябрда өлкөнүн батышындагы Клев шаарында миграция маселесине байланыштуу кармалды. Ошол эле күнү калаанын административдик соту аны ноябрдын башында Тажикстанга депортациялоо чечимин кабыл алганын 30-октябрда "Настоящее время" каналы жазды.

Эргашев буга чейин немис бийлигине саясий баш калка берүү өтүнүчү менен документ тапшырганы белгилүү болду. 2024-жылы октябрь айында Тажикстандын соту "Группа 24" тобунун лидери Сухроб Зафарды 30 жылга, анын санаалашы Насимжон Шарифовду 20 жылга эркинен ажыраткан. Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Тажикстанда жарандык коомго кысым болуп жатканына тынчсыздануусун билдирип келет.

XS
SM
MD
LG