Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Германиянын соту тажик активисти Дилмурод Эргашевди депортациялоону чечти


Германияда жашаган тажик оппозициячыл активисти Дилмурод Эргашев.
Германияда жашаган тажик оппозициячыл активисти Дилмурод Эргашев.

Германияда тажик оппозициясынын дагы бир активисти Дилмурод Эргашев кармалды.

"Группа 24" оппозициячыл тобунун активдүү мүчөсү болуп келген Эргашев 13 жылдан бери Германияда жашайт. Ал 28-октябрда өлкөнүн батышындагы Клев шаарында миграция маселесине байланыштуу кармалды. Ошол эле күнү калаанын административдик соту аны ноябрдын башында Тажикстанга депортациялоо чечимин кабыл алганын 30-октябрда "Настоящее время" каналы жазды.

Эргашев буга чейин немис бийлигине саясий баш калка берүү өтүнүчү менен документ тапшырганы белгилүү болду. Анын тарапташтары бийлик буга карабай активистти мекенине депортациялап салышы мүмкүн деп кооптонушат. Анткени буга чейин расмий Берлин Абдулло Шамсидинов жана Билол Курбаналиев деген тажик оппозициячыл активисттерин депортациялаган.

"Тажикстанда социалдык тармактагы "лайк" үчүн жарандарды 10-12 жылга кесип жиберерин Германияда жакшы билишет. Ал эми 13 жылдан бери өкмөткө каршы митингдерге катышып жүргөн адамды, албетте, кечирбейт", - дейт активисттин тарапташы Шарофиддин Гадоев.

2024-жылы октябрь айында Тажикстандын соту "Группа 24" тобунун лидери Сухроб Зафарды 30 жылга, анын санаалашы Насимжон Шарифовду 20 жылга эркинен ажыраткан. Экөөнү тең расмий Дүйшөмбү чет өлкөдөн алып келип, "интернеттин жардамы менен конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасаган" деген айып таккан.

Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Тажикстанда жарандык коомго кысым болуп жатканына тынчсыздануусун билдирип келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG