Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

Сексуалдык ыдык көргөн тогуз жашар кыздын жакындары сот чечимине нааразылык билдирүүдө


Чүй облустук соту 30-октябрда тогуз жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыпталган жаранга карата Сокулук райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Кабарчыбыздын маалыматына караганда, сот жабык өтүп, журналисттер киргизилген жок.

Райондук сот Сокулук районунун 40 жаштагы тургунун кошунасынын кызына сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыптап, сегиз жылга эркиндигинен ажыраткан.

Кыздын ата-энеси райондук соттун чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылган. Алар кызы зордукталганын айтып, иштин беренесин которууну, айыпталуучунун жазасын катаалдатууну суранган.

"Акыркы соттук процессте кызым психологго баарын айтып берди. Биз облустук сотко апелляциялык доо арыз жазып, “Зордуктоо” беренеси менен камалышын талап кылганбыз", - деди кыздын апасы Айжаркын Мамытбек кызы. Ал айыпталуучунун жакындары ушул күнгө чейин басым кылып жатканын кошумчалады.


Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү Элиза Шалбаеванын айтымында, быйыл жети айда балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук боюнча 95 кылмыш иши козголгон.(AiG/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG