Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Жумгалда 10 күндөн бери дайынсыз болгон ата-баланы издөө уланууда


Жумгалдын Өрнөк айылындагы ата-баланы суу жээктеринен издеп жатышат. 27-октябрь, 2024-жыл.
Жумгалдын Өрнөк айылындагы ата-баланы суу жээктеринен издеп жатышат. 27-октябрь, 2024-жыл.

16-октябрда мал кайтарганы кетип, дайынсыз болуп жаткан Жумгалдын Өрнөк айылынын тургундары Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзатты издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнест Дыйканбаев “Азаттыкка” билдирди:

“Биз 10 күндөн бери активдүү издеп жатабыз. Бүгүнкү күндө бизден бир группа бала чыгып жатат. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө да кабар берилген. Анткени дарыя Өрнөктөн ары бат эле Токтогулга жетип барат. Ал эми суучулдар чакырылган жок. Себеби суучулдар көлдө, суу сактагычтарда пайдалуу. Шар аккан суудан жыйынтык бербейт. Мындан тышкары бул жерде вертолеттун деле пайдасы жок. Анткени тик учак бийик, анан ылдам учат. Бирок дрон колдонсо болот”.

Дыйканбаев ата-баланы издөөгө 27-октябрда кошумча күч тартылганын, 28-октябрда дагы издөө иштери күчөтүлөрүн белгиледи.

Дайынсыз болгон ата-баланын жакындары аларды Көкөмерен дарыясын бойлой издеп жатышат. Жергиликтүү тургундар суу жээгиндеги бадалды, дарыя айланып аккан жерлерди карап жүрүшкөнүн "Азаттыкка" кабарлашты.


Жумгалдын Өрнөк айылында мал кайтарганы кеткен 45 жаштагы тургун Болот Карыпбеков жана анын тогуз жаштагы баласы 16-октябрдан бери дайынсыз. Жакындары аларды 18-октябрдан тарта издей баштаган жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 19-октябрда кайрылган.

Өрнөк Көкөмерен суусунун жээгинде жайгашкан айыл. Көкөмерен шар агып, Тогуз-Торо районунан Нарын дарыясына кошулат. Дарыянын Жумгал району тараптан өткөн бөлүгү чоң болгондуктан адам өмүрүн алган кырсык көп эле болгон.

2019-жылы Көкөмерен дарыясына Жайыл районунан аккан жеринде өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев аялы, баласы, сегиз жаштагы небереси жана айдоочусу менен түшүп кетип, сөөгү кийин табылган. (AiB/ZKo)

XS
SM
MD
LG