21-октябрда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 21…26;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 19…24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндуз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 23…25° жылуу болот.