Бишкек шаарында А.Масалиев жана А.Бакаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан 34 жаштагы аял жана анын 11 жаштагы баласы каза болду.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жол коопсуздугун жана транспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузган шектүү кармалганын бүгүн, 19-октябрда кабарлады.
Кырсык 17-октябрда болгон. Болжол менен саат 23:00 чамасында, “Хундай-Соната” үлгүдөгү автоунаа Тойота-Ярис” үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 312-беренесине ("Жол кыймылынын жана автотранспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу") ылайык кылмыш иши козголду.
Жол кырсыгына кабылган Акбаева Алтынай Бажы кызматынын капитаны болгон. Маркум 1990-жылы 8-ноябрда Бишкек шаарында туулган. 2013-жылдын 29-июлунан тарта бажы органдарында иштеген.
Маркумду тааныгандар анын артында эмчектеги баласы калганын жазышты. (КЕ)