Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

Түндүк Корея Орусияга аскер жөнөтүп жатканы маалымдалды


Түндүк Корея.
Түндүк Корея.

Түштүк Корея коңшусу Түндүк Корея ушул айдын башында Орусияга атайын даярдыктагы аскерлерин жөнөтө баштаганы тууралуу маалыматы бар экенин билдирди. Бир нече күн мурда бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский да айтып, Пхеньянды «Кремлге Украинага каршы согушуна жардам бериш үчүн аскерлерин жана курал-жарагын жөнөтүп жатат» деп айыптаган.

Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматынын (NIS) 18-октябрдагы маалыматында 8-13-октябрь күндөрү түндүккореялык аскерлер Орусиянын аймагына орусиялык транспорттук кеме менен жеткирилип жатканы сүрөткө тартылып алынганы, 1990-жылдан бери Түндүк Кореяга караштуу суу аймагына орусиялык аскердик кеме кирген биринчи окуя болгону, мунун баары «түндүккореялык аскер кызматкерлери согушка катыша баштаганынын далили» экени белгиленди.

«Түндүк Кореянын Орусияга жөнөтүлгөн аскерлери азыркы кезде Ыраакы Чыгыштагы орусиялык аскер базаларында, анын ичинде Владивосток, Уссурийск, Хабаровск жана Благовещенск шаарларында жайгашып турушат. Бир сыйра көнүп, даярдыктан өткөндөн кийин алар согуш талаасына жөнөтүлөт», — деп айтылды NIS маалыматында.

Түндүккореялыктарга Орусия өзүнүн аскердик формасын, куралын жана түспөлдөш келет деп Якутия, Бурятия аймактарынын тургуну деген жасалма документтерди берип жатканы айтылды.

Башкы кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Согушту изилдөө институту» уюму да жакында түндүккореялык бир нече миң аскер Орусияга жеткирилгенин, алар Украинага жөнөтүлгөнү жатканын жазган.

Буга чейин Сеул Москва Түндүк Кореядан артиллериялык снаряд жана жакынкы аралыкка учуучу ракета алып жатканын билдиргенде Кремль аны четке каккан. (RK)

XS
SM
MD
LG