Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

Ливан Ирандын БУУ резолюциясы боюнча сунушун "кийлигишүү" деп атады


Ливандын Израил менен чек арасындагы БУУ аскерлери.
Ливандын Израил менен чек арасындагы БУУ аскерлери.

Ливандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Нажиб Микати Ирандын бул өлкөгө байланыштуу соңку сунушун “ички иштерге ашынган кийлигишүү” деп атады. 18-октябрдагы билдирүүсүндө ал Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 1701 резолюциясын аткаруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү ливан мамлекетинин жеке иши экенин айтты:

"Биз мындай позицияга таң калып жатабыз. Бул Ливандын ишине ашынган кийлигишүү жана Ливанды көзөмөлдөөгө жасалып, четке кагылган аракеттин кайталанышы", - деди Микати.

17-октябрда Ирандын парламент төрагасы Мохаммад Калибаф Тегеран Ливандын түштүгүндөгү чек ара тилкеси боюнча резолюцияга байланыштуу Франциянын ортомчулугу менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин франциялык Le Figaro басылмасына билдирген.

БУУнун 2006-жылы кабыл алынган 1701-резолюциясында Ливандын Израил менен чектешкен түштүк тилкеси ал жердеги коопсуздук сакталып турушу үчүн Ливан мамлекетине карабаган аскерлерден жана курал-жарактан бош болушу керектиги жазылган жана ливандык күчтөргө жардам бере турган “БУУнун Ливандагы убактылуу күчтөрүнүн” макамы аныкталган.

Израил БУУ аталган тилкенин коопсуздугун камсыз кыла албай калганын белгилеп, быйыл 1-октябрда ал жерге өз аскерлерин киргизген жана алар "Хезболлага" каршы күрөшүп жатканын жарыялаган.

"Хезболла" - Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия. Аны АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Өткөн аптада БУУнун Ливандын түштүгүндөгү тынчтыкты көзөмөлдөөчү он миңге жакын аскеринен бир нече киши жараат алганда Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши алардын коопсуздугуна байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху БУУнун аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырган.

Аймактагы абал бир жыл мурда Израил кабылган кандуу чабуулдан кийин согуш жарыялаганда оорлошо баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG