Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

Бишкекте шайлоого катышуучу партиялардын кезеги аныкталды


Шайлоо тилкесинде добуш берүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Шайлоо тилкесинде добуш берүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) 17-ноябрда өтө турган шаардык кеңешке шайлоого катыша турган саясий партиялардын кезеги аныкталганын маалымдады. Ага ылайык, 17-октябрда шайлоого катышуучу саясий партиялардын арасында чүчүкулак кармалган. Жыйынтыгында партиялар добуш берүү кагазынан төмөнкүдөй орун алышты.

1. "Адилет"
2. "Жаңы күч — Новая сила"
3. "Ынтымак"
4. "Эмгек партиясы"
5. "Эл үмүтү"
6. "Социал-демократиялык партия"
7. "Улуу-Журт"

Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлагандай, жергиликтүү кеңештерге шайлоого үгүт иштери 18-октябрда башталып, 16-ноябрда аяктайт.

Өлкөнүн 33 шаарындагы Шаардык кеңештерге талапкерлерди каттоо 16-ноябрда, ал эми 231 айылдык кеңештерге талапкерлерди каттоо 17-октябрда соңуна чыккан.


Бишкек, Ош жана башка Шаардык кеңештерге катышуу ниетин 39 саясий партия билдирип, 188 талапкердин тизмесин тапшырган. Чолпон-Ата шаарында "Эмгек" партиясы шайлоого катышуудан баш тарткан. Натыйжада 187 партиялык тизме катталган. Жалпы 4928 талапкер катталды. Анын ичинен 3183 эркек, 1745 аял талапкер.

17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү менен өлкө боюнча 56 аймактык жана 2438 участкалык шайлоо комиссиялары алектенет.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга 3-августта президент Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык шаардык кеңештерге шайлоого катышкан саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу жети пайыздан беш пайызга түшүрүлгөн. Ал эми айылдык кеңештерге ат салышып жаткан талапкерлер күрөөдөн бошотулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG