Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалар узун кезекте турат


Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалар. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалар. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов парламенттин 16-октябрдагы отурумунда Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттерде жүк ташыган автоунаалардын узун кезеги кайрадан көйгөй жаратып жатканы тууралуу маселени айтып чыкты.

Депутат азыркы учурда жүк ташуучу автоунаалар Казакстанга, андан ары Орусияга мөмө-жемиш ташып жатканын белгилеп, чек арада узак тургандан ишкерлер зыян тартып каларын айтты:

"Мөмө-жемиштер тез бузулат, билесиздер. Аларды ташыган жүк ташуучу автоунаалар чек арада эки-үч күндөп турушат. Бул аралыкта мөмө-жемиштер бузулуп, ишкерлер чыгым тартышат. Тышкы иштер министрлиги кандай жардам бере алат жарандарыбызга?".


Депутат Кыргызстан мүчө болгон Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптары, келишимдер айрым өлкөлөр тарабынан аткарылбай жатканын белгиледи.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев уюмдун алкагында келишимдерге дал келбеген маселелер бар экендигин билдирди. Анын сөзүнө караганда, жүк ташуучу автоунааларды тез өткөрүү боюнча Казакстан тарап менен сүйлөшүүлөр жүргөн, өткөрүү бекеттерин көбөйтүү каралган.

Кыргызстандан Казакстанга багыт алган жүк ташуучу автоунаалар чек арадагы өткөрмө бекеттерде топтолуп, бир нече күндөп кезек күткөн учурлары бир топ жылдардан бери катталып келет. Эки өлкө бири-бирин Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын так аткарбайт деп айыпташкан.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын ээн-эркин жүргөнү, товар жүгүртүү, тейлөө кызматтары жана капитал беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз айланарын жарыялаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG