Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:19

Чет өлкөлөрдө оор абалда калган 22 кыргызстандык мекенине кайтарылды


Өткөн айда Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ), Казакстанда, Кытайда, Орусияда, Өзбекстанда жана Украинада оор шартта калган 22 кыргызстандык жаран мекенинен кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ ) сентябрь айындагы чет мамлекеттердеги кыргыз элчиликтердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн иши тууралуу маалымат берип жатып билдирди. Бирок алардын жагдайы тууралуу кеңири маалымат тараткан жок.


ТИМдин кабарлашынча, өткөн айда Орусиянын бир катар аймактарында, Кытайда жана БАЭде абактарда отурган 23 кыргызстандык менен жолугушуу болду. Чет мамлекеттерде каза тапкан он кишинин сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жардам берилди.

"Сентябрда кыргызстандык 1 457 жаранга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлдү. Кыргыз жарандары катышкан кырсык болгон жерлерге, чет мамлекеттердин укук коргоо жана сот органдарына 98 консулдук сапарлар уюштурулду", - деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Алардын 400 миңден көбү Орусияда.

XS
SM
MD
LG