Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

Ливанда Израилдин чабуулунда бейпилдик күчтөрүнүн эки өкүлү жараат алды


Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунан тартып күчөгөн.
Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунан тартып күчөгөн.

Ливанда Израилдин соккусунан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) бейпилдик күчтөрүнүн (UNIFIL) эки өкүлү жараат алды. Окуя жума күнү өлкөнүн түштүгүндөгү күзөт мунарасында болгон. Израилдин армиясынын билдиришинче, АКШ террордук уюм деп тааныган “Хезболлага” каршы согуш маалында соңку эки күндүн ичинде бул аймактагы бейпилдик күчтөрүнүн негизги базасында эки ирет жарылуу болгон.

БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш баштаган бир катар Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү ЦАХАЛдын чабуулун айыптады. Бейпилдик күчтөрү муну олутуу окуя катары сыпаттап, аталган уюмдун кызматкерлеринин жана мүлкүнүн коопсуздугу камсыз кылынышы керектигин эскерти.

Франция Израилдин элчисин чакырды жана Италия, Испания менен чогуу бул чабуулду айыптаган билдирүү таратты.

БУУнун бейпилдик күчтөрү Ливанга биринчи ирет 1978-жылы Израил армиясынын тынчтык жолу менен чыгып кетиши үчүн киргизилген.

2006-жылы дагы Ливан менен “Хезболланын” согушун токтотуу максатында БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык Израилдин аскерлери Ливандын түштүгүнөн чыгарылып, аймакка эл аралык бейпилдик күчтөр жана Ливандын өзүнүн өкмөттүк аскерлери жайгаштырылган.

Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. Андан бери топтун башка да лидерлери жок кылынып жатканы кабарланууда.

Ливанда бир жылда Израилдин чабуулдарынан 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын, алардын 1,5 миңге жакыны соңку эки аптада каза болгондор экенин 8-октябрда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирген.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген.

Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

XS
SM
MD
LG