Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

ӨКМ Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо токтобой жатканын билдирди


Былтыр президент Садыр Жапаров торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган жана көлдү тазалоо тапшырмасын берген.
Былтыр президент Садыр Жапаров торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган жана көлдү тазалоо тапшырмасын берген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ысык-Көлдө мыйзамсыз баалык уулоо, браконьерлердин иши токтобой жатканын билдирди. Бир түндө эле 20га жакын тор табылып жатканын кабарлады.

“Суук түшкөн маалда балыктар урук чачкан учуру болуп жатканына карабай браконьерлердин мыйзамсыз иш-аракети күчөөдө. Акыркы 3 суткада эле көлдөн 12 миңдей метр тор чыгарылды. Синтетикалык тор көлгө зыян экенин эскертебиз”,- деп жазылган маалыматта

Былтыр июнь айында президент Садыр Жапаров көл булганып жатканын айтып, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган жана көлдү тазалоо тапшырмасын берген. Андан бери миңдеген метр тор, он миңдеген тонна акыр-чикир тазаланганы кабарланган.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

XS
SM
MD
LG