Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Өкмөт адам укуктарын коргоо жана эл аралык уюмдар менен ишти күчөтүүнү тапшырды


Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны. 11-октябрь, 2024-жыл
Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны. 11-октябрь, 2024-жыл

Министрлер кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү. Анда адам укуктарын коргоонун актуалдуу маселелери, 2022-2024-жылдарга ушул багыттагы иш-аракеттер планын узартуу талкууланды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов төрагалык кылды. Ал мамлекеттик органдарга адам укуктарын коргоо жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү иштерин улантууну тапшырды.

Мунун алдында 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту быйыл январда жапырт кармалган 11 журналистке өкүм чыгарды. Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга жана кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести.

Айке Бейшекеева менен Актилек Капаров үч жылга шарттуу соттолуп, камактан бошотулду. Сапар Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев жана Акыл Орозбеков күнөөсү жок деп табылды.

Сот өкүмүндө күнөөлүү деп табылгандар “видеоматериалдарында бийликти жаманатты кылып”, “жапырт башаламандыкка кыйыр үндөгөнү” айтылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгы Кыргызстанда эки журналист абакка кесилип, дагы бир нечеси шарттуу соттолгонуна тынчсыздануусун билдирген. БУУнун башкармалыгынын өкүлү Сейф Маганго журналисттер боюнча ишти калыс карап чыгууга үндөгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG