Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

“Милтон” бороону өзгөчө кооптуу бойдон калууда


"Милтон" бороону 10-октябрга караган түнү Флорида штатынын батыш жээгине жетип, шамалдын күчү бир аз басаңдады. АКШнын бороонго байкоо салган Улуттук борбору аны экинчи категорияга, көп өтпөй шамалдын ылдамдыгы саатына 145 чакырымды түзгөн учурда биринчи категорияга түшүрдү.

Анткен менен борбордун божомолунда "Милтон" Атлантика океанына чыгып кеткенге чейин кыйратуучу бороон бойдон калууда. Андан кеминде эки киши каза болгону кабарланды.

Флорида штатынын губернатору Рон Десантистин айтымында, "Милтон" жээкке жеткенге чейин штатты кеминде 19 торнадо каптаган. Алар бир нече округдарга зыян келтирип, 125ке жакын үйдү, негизинен мобилдик үйлөрдү талкалады. Жээктеги Сент-Питерсбергге 40 сантиметрден ашык жаан жааган.

Флориданын 2,5 млн ашуун тургуну "Милтон" бороонунан улам жарыксыз калганын АР тийиштуү кызматтарга таянып жазды. Авиакомпаниялар 1900дөй каттамды токтотту. Бир нече шаарлардагы май куюучу станцияларда бензин жок экени кабарланды.

"Милтондун" борбору азыр болжол менен Флорида штатынын батышынан чыгыш жээктеринин жарымында. АКШнын Өзгөчө кырдаалдар боюнча федералдык агенттигинин башчысы Динн Крисвелл Флориданын тургундарын баш калкалоочу жайлардан кетпей турууну эскертип, "Милтон" дагы деле озгочө кооптуу болуп турганын белгиледи.

Мунун алдында Флориданын 5 миллиондон ашуун тургунуна эвакуация тууралуу маалымат берилген. Кооптуу аймактардан 2 млн ашуун адам көчүрүлгөн. Бул штаттын тарыхындагы эң ири эвакуация болуп калды. Жаныбарларды коргоочулар эвакуация учурунда үй жаныбарларын кошо алып кетсе боло турганын айтышкан. Тамп зоопаркындагы жаныбарлар трейлер жана жашиктерге салынып, аларды атайын ветеринарлар, кызматкерлер көзөмөлдөп жатат.

Мунун алдында АКШ президенти Жо Байден Флориданын чиновниктери менен сүйлошүп кошумча жардам зарыл болсо түз байланышууну өтүнгөн. Штаттын жашоочуларына кайрылып, коопсуздук чараларын сактоого чакырган.

Синоптиктер кооптуулук жагынан эң жогору 5-категория деп сыпатталып жаткан бороон Флорида үчүн акыркы жүз жылдан берки эң катуу табигый кырсык болушу ыктымал экенин эскертүүдө.

Бороон боюча улуттук борбор 9-октябрда эртең менен “Милтон” Тамп шаарынан түштүк-батыш тарапка жетип калганын, ылдамдыгы саатына 260 чакырым болуп жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG