Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Милиция Чолпон-Атада мектепте окуучу кыздардын сабалганы боюнча окуяны териштирип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мектепте сабалган кыздар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2-октябрда Чолпон-Ата шаарындагы мектептердин биринин 8-классынын окуучулары (Э.А. жана И.А.) 12 жаштагы окуучу кызды мектептин дааратканасында сабап денесине жаракат келтиргени аныкталган.

Алар (Э.А. жана И.А.) 9-октябрь күнү да дагы бир 12 жаштагы окуучу кызды ур-токмокко алганы такталган.

Бул фактылар Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтык электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Райондук милициянын жаш өспрүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүлөрү кыздарды сабаган деген окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Социалдык тармактарда мектепте окуучу кыздар мушташканы тартылган видеолор тарап, коомчулукта талкууланып жатат. Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде мындай окуялар буга чейин да болуп, окуучулар ур-токмоктон каза болгон да учурлар бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG