Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:19

Аба ырайы: тоолорго кар түшөт


10-октябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Облустун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы ыктымал.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүйдүн дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көлдө жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 25…27° чейин жылыйт.

XS
SM
MD
LG