Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:20

Вебкам иши: Шаардык сот Даниел Ажиев боюнча чечимди күчүндө калтырды


Даниел Ажиев. УКМК тараткан сүрөт. Архив.
Даниел Ажиев. УКМК тараткан сүрөт. Архив.

Бишкек шаардык соту 9-октябрда вебкам студияларды иштетүүгө айыпталган Даниел Ажиевдин ишин карап, буга чейинки чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттон "Азаттыкка" ырастады.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Ажиевди Кылмыш-жаза кодексинин 160 (“Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү”), 161 (“Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу”), 261 (“Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”) жана 215-беренелери (“Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү”) боюнча күнөөлүү деп таап, ага 220 миң сом айып салган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга абакка кескен. Ошондой эле эки жылга чейин ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылган.

Райондук сот Ажиевге байланыштуу 31-июлда чечим чыгарган. Аны менен кошо айыпталып жаткандардын бирине 220 миң сом айып салынып, сегиз жылга эркинен ажыратуу чечими чыгып, төрт жылдык пробациялык мөөнөт менен бошотулган.

Дагы бир айыпталуучу кылмышка тиешеси жок болгону үчүн күнөөсүз деп табылган.

Ажиев жана аны менен кошо айыпталгандар, алардын адвокаттары соттун чечимине комментарий бере элек. Атайын кызмат былтыр июнда Даниел Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын” кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп, 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет-сайттарда) акчага интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулган 80 компьютер табылган.

Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттерде да Даниел Ажиев түзгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, көп суммада киреше алып турганы жана кыздар тартылганы аныкталган. Атайын кызмат операторлор үч нөөмөт менен иштегенин, кызматкерлер болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамдан турганын кошумчалаган.

Кылмыш ишинин алкагында бул топтун активдүү үч мүчөсү кармалып, аларга айып тагылган.

Ал 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланып, УКМКнын өтүнүчү менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учууга аракетенген жеринен кармалып, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн.(КЕ)

XS
SM
MD
LG