Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:28

Анестезиолог балдар ооруканасынан ири өлчөмдө "Морфин", "Промедол" уурдоого шектелип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы балдар клиникаларынын биринде анестезиолог-реаниматолог болуп иштеп келген дарыгер ооруканадан ири өлчөмдө наркотик дарыларды уурдоого шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) 9-октябрда кабарлады.

Ага ылайык, милиция ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1300 ампула "Морфин", 40 ампула "Промедол" уурдалганын аныктаган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 286-291-беренелери менен ("Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу", "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун алууга документти мыйзамсыз берүү же болбосо жасалма жасоо") кылмыш иши козголду.

Маалыматка караганда, ал кызмат абалынан пайдаланып, клиниканын директорунун атынан жасалма түрдө баңгизатын алууга ишеним каттарды жасап жүргөн.

"Шектүү жеке колдонуу үчүн баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды жашыруун уурдап, бул аркылуу өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген", - деп айтылат маалыматта.

Шектүүгө байланыштуу тийиштүү соттук экспертизалар дайындалды. Анын корутундусуна ылайык укуктук баа берилери белгиленген.

ИИМ шектүү кайсыл клиникада иштегенин так айткан жок.

Клиника жана Саламаттык сактоо министрлиги комментарий бере элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG