Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:22

Парламентте мектептердеги китеп тартыштыгы маселеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мектептерде китеп жетишпей, сапаты начар болуп жатканын сынга алышты. Эл өкүлү Камила Талиева китеп маселеси боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган токтом аткарылбай жатканын белгиледи.

"Мурда методикалык-сунуштама усулдук иштер болчу эле. Азыр ал дагы жок. Мугалимдердин бардыгы акыбалыбыз оор деп жатышат. Аймактарды кыдырып көрүңүз. Максат айылына барганда мектептер өтө эски, өтө сапатсыз. Ушундай абал бардык мектептерде бар".

Депутат Аида Исатбек кызы бул жылы дагы китеп маселеси чечилбей жатканын айтты.

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирабева китеп маселеси каражатка байланыштуу экенин, суроо-талапты жоюу үчүн 8,7 млрд сом зарылдыгын бирдирди. Министрдин айтымында, кийинки жылга 1,5 млрд сом бөлүндү.

Жыйынга катышып жаткан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев китеп маселеси этап-этап менен чечилерин билдирди.

"Акылбек Жапаров менен эки күн мурда китеп тууралуу сүйлөштүк. Алгач 4-калсска чейин толугу менен, 1 млрд болобу 600 млн сом болобу ошол маселени чечебиз. Андан кийин 5-9-класс, анан 10-11-класстардын китептерин толугу менен жабабыз. Маселени этап-этабы менен чечпесек болбой калды", - деди Төрөбаев.

Жогорку Кеңеш 9-октябрда күз-кыш мезгилине даярдык боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын угуп жатат.

Буга чейин "Билимдүү Кыргызстан" жана KG Analitics соңку төрт айдан бери билим берүү тармагында талдоо жүргүзгөн. Анда мектептердеги китептердин жетишсиз экени, бул көйгөй чечилбесе, келечек муунду окутуу кыйынга турары айтылат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы мектептер окуу китеп менен 70% жакын камсыздалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG