Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Германияда кыргыз-немис ишкерлеринин жыйыны өтөт


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Германияга барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Сапардын алкагында ал Мүнхенде өтүүчү "Кыргызстандын экономика күнү" деген темадагы кыргыз-немис бизнес-форумуна, ишкерлер кеңешинин жыйынына катышат. Маалыматта Жапаров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү, ошондой эле ар кандай ишканаларды кыдырары белгиленген.

Форум жана ишкерлер кеңешинин жыйыны кайсы күндөрү өтөрү айтыла элек.

2023-жылы ноябрда жана 2024-жылы июнда "Кыргызстандын экономика күнү" форматындагы бизнес форумдар буга чейин Гамбург жана Франкфурт шаарларында өткөн.

17-сентябрда президент Садыр Жапаров Астанада өткөн "Борбор Азия - Германия" саммитинин алкагында Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолуккан. Анда Шольц немис ишканаларын кызыктырган кыргызстандык мигранттардын маселесине токтолгон.

Германия Кыргызстандын тышкы экономикалык алакасында дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы ондукта, ал эми Европа өлкөлөрүнүн сап башында. Соңку эки жылда сооданын көлөмү кескин секирик жасап, төрт жарым эсеге өскөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG