Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Ноокатта 14 жаштагы баланын өлүмүнө шектелген өспүрүм камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе 14 жаштагы баланы бычак менен сайган деген айып менен кармалган 16 жаштагы өспүрүм 7-ноябрга чейин камакка алынды. Тиешелүү токтомду Ноокат райондук соту 8-октябрда чыгарганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя 6-октябрда болгон. Медреседе окуган 16 жаштагы өспүрүм 14 жаштагы баланы учтуу нерсе менен сайып жиберген. Жаракат алган бала аймактык ооруканага жетпей каза тапкан.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталып, маркумдун сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы каза болгон бала дем салдыруу үчүн медресеге үч күнгө келгенин, ал диний билим берүү жайында окубаганын билдирген.

Маркумдун жакындары “Азаттыкка” ал төрт айдан бери медреседе билим алып келгенин айтышып, бирок кененирээк комментарий берүүдөн баш тартышты. (BTo/DSh)

XS
SM
MD
LG