Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Харрис: Киев катышпаса, АКШ Путин менен сүйлөшүүгө барбайт


Камала Харрис.
Камала Харрис.

АКШнын президенттигине талапкер, азыркы вице-президент Камала Харрис Украина маселеси боюнча сүйлөшүүлөр Киевдин өзүнүн түздөн-түз катышуусу менен гана өтүшү керек деп эсептейт. 7-октябрда CBS телеканалына курган маегинде ал эгер Кошмо Штаттарга президент болуп шайланып калса Украина менен Орусия ортосунда тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүнү орус президенти Владимир Путиндин өзү менен гана эки тараптуу негизде жүргүзбөй турганын айтты.

Украинасыз сүйлөшүү мүмкүн эмес экенин белгилеген Харрис:

"Украинасыз, эки тараптуу гана деген болбойт, жок. Украина келечегин аныктоодо өз сөзүн айтууга укуктуу болушу керек", - деп кошумчалады.

Харрис Украинанын НАТОго мүчө болуу маселесине байланыштуу суроого түз жооп берүүдөн баш тартып, азыркы тапта бул өлкөнүн Орусиянын агрессиясынан коргонуу мүмкүнчүлүгүн бекемдөө аракети көрүлүп жатканын белгиледи. Украин президенти Владимир Зеленский менен жалпысынан алты ирет жолукканын, украин элине колдоосу чексиз экенин айтты.

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылы февралда ачкан. Ошондон бери агрессиясын улантып, Украинанын чыгышында жай болсо да улам алдыга жылып баратканы маалымдалууда. Жакында Нью-Йоркто расмий сапарда жүргөн учурда украин президенти Владимир Зеленский орус бийлигин тынчтыкка “мажбурлап гана көндүрсө” болорун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG