Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:33

Беларуста саясий туткун Зенковичтин жаза мөөнөтү узартылды


Юрий Зенкович.
Юрий Зенкович.

Беларуста абакта отурган саясий туткун Юрий Зенковичтин жаза мөөнөтү узартылды. "Вясна" укук коргоо борбору 7-октябрда билдиргендей, Могилев соту «абак администрациясына таптакыр баш ийбей койгон» деген айып менен анын жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошту.

Зенкович – оппозиционер саясатчы, ал Беларустун жана АКШнын жараны. 2022-жылдын сентябрында аны алгач «бийликти басып алуу максатында кутум уюштуруу» деген айып менен 11 жылга кесишкен, үч айдан кийин Телеграм-каналдагы комментарийи үчүн «бийлик өкүлүнө акаарат келтирген» деп дагы жарым жыл кошушкан.

Укук коргоочулар Зенкович түрмөдө ырайымсыз мамилеге, түрдүү кемсинтүүгө кабыл болуп жатканын бир нече жолу кабарлашкан. Адвокаты аны менен быйылкы жылдын март айынан бери жолуга албай жүрөт. "Беларусь 1" телеканалы жакында ал тууралуу тасма көрсөткөн, анда арыктап калганы Зенкович АКШ бийлигине кайрылып, абактан чыгарып кетүүнү суранган. Саясат талдоочу Вадим Можейконун пикиринде, Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко бул адамды Батыш менен мамилесин жакшыртуу үчүн сүйлөшүүлөрдө колдонууга аракет кылышы ыктымал.

Зенковичти 2021-жылы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) өкүлдөрү кармап кетип, кийин Минскиге өткөрүп беришкен. (RK)

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат, кээ бирлери чет жактарга чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG