Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:19

Ирандын бардык аэропортторунда аба каттамдары убактылуу токтотулду


Тегерандагы негизги аэропорт.
Тегерандагы негизги аэропорт.

Ирандын бардык аэропортторунда 6-октябрдын кечинен (саат 21:00дөн) 7-октябрдын таңына (саат 6:00гө) чейин бардык аба каттамдары токтотулду. Бул тууралуу Ирандагы мамлекеттик маалымат каражаттары өлкөнүн Жарандык авиация уюмунун басма сөз катчысына шилтеме кылып кабарлашты.

Расмий маалыматта аба каттамдар "операциялык чектөөлөрдөн" улам токтотулганы айтылганы менен анын чоо-жайы так көрсөтүлгөн эмес.

Иран акыркы жолу 1-октябрда Израилге ондогон баллистикалык ракеталарын учурган маалда буга окшош чектөөлөрдү киргизген.

Расмий Тель-Авив Ирандын бул чабуулдарына жооп кайтарууну убада кылып келет. Жекшемби күнү Израилдин коргоо министри Йоав Галлант Иранга дагы бир жолу эскертүү берди.

"Кимде ким бизге зыян келтирүү аракети менен биздин кадамдарды токтотуп коёбуз деп ойлосо, анда Газадагы жана Бейруттагы [Израилдин операцияларын] карап көрүшү керек", - деди Галлант.

Ал Ирандын бир нече күн мурдагы ракеталык чабуулдарынан Израилдин бир дагы учагы, бир дагы аскердик бөлүгү жабыркабаганын кошумчалады.

Учурда Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Жакынкы Чыгышта Иран колдогон бир нече жоочулар тобуна каршы күрөшүп жатат. ЦАХАЛ Газада АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп санаган ХАМАС тобун, Ливанда Кошмо Штаттардын "кара тизмесиндеги" "Хезболла" тобун бутага алып жатат. Мындан тышкары Йемендеги Иран колдогон хусилерге да утур-утур сокку урууда.

  • “Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган, исламдын шийи багытын карманган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге кол салып, бир күндө 1200дөй кишини өлтүргөн жана 250дөй кишини барымтага алып кеткен. Кийин алардын айрымдары бошотулса, кээ бирлери каза болгон. Дагы ондогон адамдар ХАМАСтын барымтасында кала берүүдө.

Израил бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесиндеги аскердик операциясын баштаган. Андан бери Газадагы саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына ылайык, тилкеде 41 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Алардын көпчүлүгү жайкын тургундар экени кабарланып келет.

Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. Аны улай Израилдин армиясы Ливандын түштүк аймактарында жердеги операцияларын баштаган. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган.

XS
SM
MD
LG