Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:20

Украина дем алыш күндөрү Орусиянын армиясы 5130 жолу аткылаганын билдирди


Авиачабуулдан кийин чыккан өрттү өчүрүү учуру. Одесса, Украина. 6-октябрь, 2024-жыл.
Авиачабуулдан кийин чыккан өрттү өчүрүү учуру. Одесса, Украина. 6-октябрь, 2024-жыл.

Ишемби күнү жана жекшембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинаны 5130 ирет аткылады, анын ичинде 144 жолу реактивдүү залп менен сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирип, 82 авиачабуул эл жашаган шаарларга жана айыл-кыштактарга жасалганын маалымдады.

Одессага жасалган авиа соккулдан кампа жана жүк ташуучу унаалар жабыркаганы, бир адам оор жараат алып, ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Киевдин аскердик администрациясы жекшембиге караган түнү борбор калаа дрондордун чабуулуна кабылганын, шаарда дээрлик беш саат бою абадан чабуул болору тууралуу эскертүү жаңыртылганын маалымдады. Дрондордун басымдуу бөлүгү жок кылынган, баштапкы маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.

Орусия Украинаны күн сайын аткылап келет. Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулдар аскердик буталарга гана жасаларын бекемдегени менен жай тургундардан жабыркагандар жана жарандык инфратүзүмдөр кыйраган учурлар көп.

Москва бул тууралуу маалыматтарга комментарий бербейт.

XS
SM
MD
LG