Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:24

Министр Кулубаев орус элчиси менен мигранттардын көйгөйүн талкуулады


Сергей Вакунов жана Жээнбек Кулубаев.
Сергей Вакунов жана Жээнбек Кулубаев.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алып, кыргыз мигранттарынын маселесин талкуулады.

Бул тууралуу ТИМ билдирип, жолугушууда Орусиядагы кыргыз мигранттарынын балдарын мектепке киргизүү жана Орусиядан аэропорттон артка кайтарылган кыргызстандыктар боюнча сүйлөшүү болгонун кабарлады.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын Москва шаарында жана Москва облусунда балдарын мектепке киргизе албай жаткан кыргызстандык мигранттардын көйгөйү боюнча буга чейин Орусиянын президентинин администрациясына, Тышкы иштер министрлигине жана Москва өкмөтүнүн Билим берүү департаментине бир нече кайрылуу жөнөткөн.

Орусия айрым мектептерде бош орундар жок болгондуктан мигранттардын балдарын кабыл алууда көйгөй жаралганын кабарлаган.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG