Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

НАТОнун жаңы башкы катчысы Киевге барды


Марк Рютте жана Владимир Зеленский. 2024-жылдын 3-октябры.
Марк Рютте жана Владимир Зеленский. 2024-жылдын 3-октябры.

НАТОнун жаңы башкы катчысы Марк Рютте 3-октябрда Украинага барып, борбор калаа Киевде өлкө жетекчилиги менен жолукту. Бул анын жаңы кызматтагы алгачкы эл аралык сапары.

Украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуудан кийин Рютте Киевдин НАТОго мүчө болуусу жакындап калганын айтты.

Альянстын негизги максаты ага мүчө өлкөлөргө жардам берүүдөн тышкары курал-жарак корун толуктоо экенин айткан Рютте Украина өзүн коргоого укуктуу, ал эми эл аралык укук украиндер тарапта экенин белгиледи.

Анын айтымында, Украинага союздаштары берип жаткан курал менен Орусиянын аймагына атууга уруксат берүү же бербөө маселеси 12-октябрда НАТОнун "Рамштайн" форматындагы кезектеги жыйынында талкууланат. Рютте Украинага аскердик техника жөнөткөн ар бир өнөктөш өлкө муну өз алдынча чечерин кошумчалады.

Зеленский өз кезегинде НАТО Украинанын аба мейкиндигин коргоп берүү боюнча позициясын өзгөртөрүнө үмүттөнүп жатканын айтты.

"Биз адамдарды союздаштардын биримдиги менен кантип коргоп калса болорун Жакынкы Чыгыштан көрүп жатабыз. Ирандын ракеталарын биргелешип атып түшүрүү Орусиянын ракеталары менен Ирандын «Шахеддерин» атып түшүрүүдөн эч айырмасы деле жок", — деген Зеленский союздаштар арасында бул маселеде бирдей пикир жок болуп жатканын, «Орусиянын терроруна каршы» чечкиндүүлүк керек экенин белгиледи.

Нидерланддын премьер-министрлик мөөнөтүн жыйынтыктаган Рютте НАТОнун жаңы башкы катчылыгына быйыл 26-июнда бекитилген. Украинаны колдоо саясатын жүргүзүп, Орусияны согуш баштаганы үчүн айыптаган 57 жаштагы саясатчы Нидерланд өкмөтүн 2010-жылдан бери төрт мөөнөт удаа башкарды.

НАТОнун башкы катчылыгына беш жылдык мөөнөткө Рютте Украинада согуш уланып, европалык жана глобалдык коопсуздукка коркунуч жаралып жаткан кезде келди.

Анын дайындалышын уюмдун бардык 32 мүчөсү колдогон. Акыркылардан болуп Венгрия жана Словакия макулдугун беришкен. Венгриянын орусиячыл өкмөт башчысы Виктор Орбан бир нече ай бою Рюттенин талапкерлигине каршылыгын билдирип келген. Бирок Будапешт НАТО алкагында Украинага жардам көрсөтүү милдетинен бошотулат жана мындай жардамдын берилишине тоскоолдук кылбайт деген убададан кийин макулдугун берген.

НАТО – Европанын жана Түндүк Американын 32 өлкөсүнүн аскердик-саясий бирикмеси. Ал 1949-жылы тышкы агрессиядан чогуу коргонуу максатында түзүлгөн.

Украина НАТОго мүчөлүккө кабыл алуу тууралуу соңку арызын 2022-жылдын сентябрында берген. (RK)

XS
SM
MD
LG