Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Кыргызстанда Азык-түлүк коопсуздугу боюнча илимий борбор түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча илим изилдөө борбору түзүлдү. Бул тууралуу 3-октябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев өткөргөн кеңештин жыйында маалым болду.

Өкмөттүн сайтына жарыяланган маалыматка караганда, жаңы түзүлгөн борбор азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу багытында иш алып барат.

“Бүгүн биз институттун курамын жана кызмат ордун бекитебиз. Ал биздин агроөнөр жай саясатыбыздын өнүгүшүнүн жаңы этабы болуп каларына ишенем. Кыргызстандын ар бир жараны сапаттуу жана коопсуз тамак-ашка жетиши үчүн баарыбыз биргеликте аракет кылышыбыз керек. Бул биздин жалпы милдетибиз”, - деди Төрөбаев.

Ал жаңы түзүлгөн борбор айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологияларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгарын кошумчалады. Бул жаатта өкмөт эл аралык уюмдар жана илимий мекемелер менен кызматташа турганын белгиледи.

Жыйында Төрабаев тогуз негизги социалдык мааниге ээ азык-түлүктүн түрү бекитилип, анын жетөөсү ички өндүрүштөн толук камсыздалганын кошумчалады.

Статистика боюнча, быйыл январь-июль айларында өлкөдө нан азыктары – 86,5%, картошка – 162,8%, жашылча жемиштер – 159%, эт – 79,1%, сүт – 116,3%, кант – 49,2%, жумуртка – 71,4%, өсүмдүк майы 48,5% камсыздалган.

Жыл башындагы статистикалык маалыматтар боюнча, январь айында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда керектөө баалары менен тарифтер жогорулаган.

XS
SM
MD
LG