Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Уюшкан кылмыштуу топторду каржылагандарга мунапыс бербөө сунушталды


Иллюстрация үчүн колдонулду
Иллюстрация үчүн колдонулду

Жогорку Кеңештин сайтында “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-октябрда коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Кылмыш-жаза кодексиндеги мунапыс мыйзамы колдонулбаган кылмыштын түрлөрүнө кээ бир оор кылмыштар кирбей калганын белгилешүүдө.

Алар: 253-берене - Террористтик ишти каржылоо;
255-берене - Террордук иштерди жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар;
263-берене - Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо;
267-берене - Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү;
325-берене - Диверсия.

Авторлор бул беренелерди мунапыс берүү жөнүндө мыйзам колдонулбаган кылмыштын түрлөрүнө киргизүү Конституцияга жана башка мыйзамдарга каршы келбей турганын, ошондой эле документти кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбай турганын билдиришүүдө.

“Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамга ылайык, кылмыш жасаган адамдар мунапыс берүү жөнүндө актысы боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдар жазадан бошотулушу же аларга дайындалган жаза кыскартылышы же жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырылат. Же болбосо мындай адамдар жазанын кошумча түрүнөн бошотулат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG