Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Балыкчыда жети жашар бала бычак жеп ооруканага түштү


Балыкчы шаарынын кире бериши.
Балыкчы шаарынын кире бериши.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жети жашар бала бычак жеп ооруканага түшкөнүн жергиликтүү бейтапкананын башкы дарыгери Дамира Мусаева "Азаттыкка" ырастады.

Анын айтымында, бала 2-октябрда саат 14:00 чамасында моюнуна бычак сайылгандан кийин ооруканага жеткирилген.

"Учурда абалы туруктуу. Моюнундагы кан тамырларына зыян келтирилген эмес", - деди ал.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы жабырлануучу сыртта ойноп жүргөн убакта бейтааныш адамдын кол салуусуна туш болгонун билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, тиешелүү экспертиза дайындалып, шектүү изделүүдө.

Кол салууга эмне себеп болгону белгисиз.

XS
SM
MD
LG