Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:18

Орусия: Соту жүрүп жаткан жаран согушка барууга макул болсо иши токтотулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда кылмышка айыпталып, соту жүрүп жаткан жаран эгер согушка барууга макул болсо, жоопко тартылбайт. Президент Владимир Путин бүгүн 2-октябрда кол койгон жарлыкка ылайык, андай жарандар Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, аскерге жөнөтүлөт же мобилизация болот. Тийиштүү мыйзам долбоорун өткөн айда Мамлекеттик Дума кабыл алган.

Аскер кызматын өтөп бүткөнчө кылмыш ишин сотто териштирүү токтотулуп турат, жаза чарасы кабыл алынбайт.

Согуштук абал учурунда мобилизация аркылуу аскер кызматын өтөп жаткан кезде кылмыш жасаган адамдар боюнча да соттук териштирүү токтотулуп турат.

Жасаган кылмышы үчүн жоопкерчиликтен толук бошотуу эгер алар мамлекеттик сыйлык алган же аскердик кызматы аяктаган учурда (жаш курагы, ден соолугу, мобилизация же согуштук абал мөөнөтү аяктаганы боюнча) каралат.

Буга чейинки мыйзамдар боюнча Орусияда эгер кылмышка айыпталып жаткан кишинин иши сотко өткөн болсо, аны менен аскердик келишим түзүүгө уруксат жок болчу.

Орусияда Украинадагы согушка соттолгондорду салуу 2022-жылы «Вагнер» жалданма аскерлер тобу аркылуу жүргүзүлө баштаган. Кийин бул ишти Коргоо министрлиги улантып кетти. Абакта отурган мигранттарга да басым күчөгөн. Мындай окуялардын айрымдарын «Азаттык» иликтеп чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG