Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:23

12 миң доллар пара алууга шектелип камалган судья акталганы белгилүү болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкектин Свердлов райондук сотунун 12 миң доллар пара алууга шек саналып камалган судьясы Биринчи май райондук сотунун чечими менен июлда акталганын райондук соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Сот чечими 19-июлда чыккан, райондук соттун маалымат кызматы аны 2-октябрда бышыктады.

Маалыматка караганда, судья 19-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча кылмыш курамы жок деген негизде акталган.

Ал эми 337-берене ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Бирок ал "тергөө абагында узак убакыт отурган" деген негизде айып пул бир миллион сомго кыскартылган. Өкүм чыккандан кийин сот залынан бошотулуп, өкүм толук күчүнө киргенче эч жакка кетпөөгө милдеттендирилген. Учурда бул иш Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети быйыл 21-мартта Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы К. А. К. 12 миң доллар пара талап кылууга шек саналып кармалганын, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин кабарлаган.

Судьяга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 343-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган судьянын аты-жөнү Алма Кадыркулова экени белгилүү болгон. Соттор кеңеши аны опузалап пара талап кылуу фактысы менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу Башкы прокуратуранын сунушуна макулдук берген. Президент Садыр Жапаров Алма Кадыркулованы кызматынан убактылуу четтетүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Кадыркулова жана анын адвокаттары комментарий бере элек. Анын ишин караган Биринчи май райондук соту июлдагы өкүм тууралуу эмнеге убагында маалымат бербегени белгисиз.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков системада таза эмес иштеген адамдар бар экенин буга чейин "Азаттыкка" курган маегинде айткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG