Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:22

Грузия президенти ЛГБТга каршы мыйзамга кол коюудан баш тартты


Саломе Зурабишвили.
Саломе Зурабишвили.

Грузияда президент Саломе Зурабишвили ЛГБТ укуктарын чектеген мыйзам долбооруна кол коюудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн 2-октябрда "Эхо Кавказа" кабарлап, мамлекет башчы аталган долбоорго вето да койбогонун жазды.

Грузиянын Конституциясына ылайык, эгер президент кайсы бир укуктук ченем актысын жактырбай, ошол эле учурда өз жүйөлөрүн келтирүү менен парламентке кайтарбай койсо, анда ага кол коюу укугу мыйзам чыгаруу органынын жетекчисине берилет. Парламент төрагасы, мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Шалва Папуашвили аталган документке беш күн аралыгында кол коё турганы кабарланууда.

"Эхо Кавказа" белгилегендей, президент вето койгон күндө да аны парламентте басымдуулук кылган «Грузин кыялы» ашып өтмөк. Орусиядан көчүрүлүп алынды делген «Чет элдик агент» мыйзамын кабыл алууда дал ошондой болгон.

Грузия парламенти быйыл 17-сентябрда ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын чектеген, алардын түрдүү иш-чараларды уюштуруусуна тыюу сала турган мыйзам долбоорун да үчүнчү, жыйынтыктоочу окууда колдоп, кабыл алган. Батыш мындай чектөөлөрдү адам укугунун бузулушу, анын жеке жашоосуна кийлигишүү катары баалоодо.

Ага ылайык, ЛГБТ өкүлдөрүнө трансгендердик операция жасатууга, бир жыныстагы адамдардын үй-бүлө катары бала асыроосуна, расмий документтерге эркек же аял дегенден башка жынысты көрсөтүүгө, мектептерде жана жалпыга маалымдоо каражаттарында ЛГБТ+ тууралуу үгүттөөгө, фестиваль жана башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.(RK)

XS
SM
MD
LG