Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Орусия тергөө абагындагы 20 миңдей адамды согушка тартууну көздөп жатканы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын бийлиги тергөө абактарында отурган 20 миңдей адамды Украинадагы согушка азгырууну көздөп жатканын "Важные истории" басыласы жазды. Камактагыларды согушка расмий жөнөтүүгө Мамлекеттик Дума өткөн жумада кабыл алган мыйзам жол берет. Азырынча президент Владимир Путин ага кол кое элек. Анткен менен басылманын Коргоо министрлигиндеги булагынын айтымында, орус түрмөлөрүнүн кызматкерлери соттолуучулар менен келишим түзүүгө даярдык көрүп жатышат.

"Камактагы 60 миңдей адамдын 40% согушка алып кетүүнү көздөп жатабыз", - деди министрликтеги булак.

Анын эсебинде Украинага камактагы 20 миңдей киши жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул 200дөй тергөө абагынын ар биринен жүздөн киши согушка тартылат дегенди билдирет. Федералдык жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын башында Орусиянын тергөө абактарында 106 миңдей киши бар болчу.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, Коргоо министрлиги менен келишимди иши тергелип жаткандар жана соттолгондор түзө алышат. Мамдума жакында кабыл алган документке Путин кол койсо, иши сот өндүрүшүндөгүлөр менен да келишим түзүп, аларды согушка тартууга жол ачылат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусиянын абактарында 1500гө жакын кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG