Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Санарип министрлиги интернеттин үзгүлтүккө учурашы тууралуу маалымат берди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда 25-cентябрда түштөн кийин интернет түйүнү үзгүлтүккө учурады. Мындай көйгөй мобилдик операторлордо жана интернет провайдерлерде болгон.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы жогорку магистралдык каналда техникалык мүчүлүштүк кеткенин "Азаттыкка" билдирди:

“Учурда кошумча канал туташтырылды, байланышты толук калыбына келтирүү иши жүрүүдө”, - деген маалымат берди мекеменин басма сөз кызматы.

Айрым интернет операторлору да үзгүлтүк болгонун ырастап, муну жогорку магистралдык каналдагы мүчүлүштүккө байланыштырган.(TAb)

XS
SM
MD
LG