Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Ысык-Көл айланма жолунун курулушуна дагы 87 млн доллар насыя алынат


Ысык-Көлдүн Корумду - Балбай жолунун курулушуна даярдык. Транспорт жана коммуникация министрлиги тараткан сүрөт.
Ысык-Көлдүн Корумду - Балбай жолунун курулушуна даярдык. Транспорт жана коммуникация министрлиги тараткан сүрөт.

Кыргызстан Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 75,2 чакырымды түзгөн бөлүгүн салыш үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 109,5 млн доллар алат. Анын ичинен 87 млн доллары насыя, калган 22,2 млн доллары грант катары берилет. Насыяны 32 жылда кайтарып бериш керек. Биринчи сегиз жылда жеңилдетилген мөөнөт берилип пайыздык чен 1% болот, андан кийин 1,5% көтөрүлөт.

Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 23-сентябрдагы жыйынында айтты. Депутаттар Азия өнүктүрүү банкынын насыя алуу боюнча документти колдоду.

Абсаттар Сыргабаев ушуну менен Ысык-Көл айланма жолунун бардык участокторунун курулушунун каржылык маселеси чечилгенин билдирди. Анын сөзүнө караганда, Ысык-Көл айланма жолунун жалпы узундугу 440 чакырымды түзөт. Ушул тапта жолдун 332,8 км реконструкция иштери жүрүп жатат. Айланма жолдун курулушу 2028-жылы толук бүткөрүлөт деп пландалууда.

Буга чейин бул жолдун курулушуна Сауд өнүктүрүү фондунан, Кувейттин араб экономикалык өнүктүрүү фондунан, Абу-Даби өнүктүрүү фондунан, Ислам өнүктүрүү банкынан жана Мунай экспорттоочулардын эл аралык уюмунан (OPEC) да насыя алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG