Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Пакистан талибдери дипломаттар колоннасына кол салууга тиешеси жоктугун билдиришти


Пакистан. Окуя болгон жер.
Пакистан. Окуя болгон жер.

Пакистандык талибдер 23-сентябрдагы билдирүүсүндө өлкөнүн түндүк-батышында чет элдик дипломаттарды коштогон полициянын автоколоннасына жасалган чабуулга тиешеси жоктугун айтышты.

22-сентябрда жол боюнда бомба жарылып, Сват районунда уюштурулган жолугушуудан кайтып келаткан чет элдик дипломаттардын делегациясын коштоп жүргөн полиция кызматкерлеринин машинасы жабыркап, кеминде бир офицер каза болгон.

Колоннада Орусия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Босния жана Герцеговина, Вьетнам, Эфиопия, Руанда, Зимбабве, Индонезия жана Португалия өкүлдөрү бараткан.

Дипломаттар Сватта туризм тармагын өнүктүрүү боюнча жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуудан кайтып келатышкан. Бул аймакта мурда "Талибандын" бөлүктөрү жайгашып турган, азыр да айрымдарынын таасири сакталууда.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек, бирок пакистандык талибдердин "Техрик-е Талибан" деген аталыш менен белгилүү тобунун өкүлү Мохаммад Хурасани билдирүү жасап, алардын тиешеси жоктугун айтты.

Бир нече ай мурда Пакистандын түндүк-батышында Хайбер-Пахтунхва провинциясында жанкечти террорист машина жардырганда биргелешкен гидроэнергетикалык долбоорду ишке ашырып жаткан компаниянын кытайлык беш куруучу жана инженери менен кошо айдоочу болуп иштеген жергиликтүү бир тургун каза тапкан.

2012-жылы согушкерлердин чабуулунан Малала Юсуфзай атуу активист кыз оор жараат алган, кийин ал Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG