Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:55

Евробиримдик Украинага 35 млрд евро насыя берет


Урсула фон дер Ляйен жана Владимир Зеленский.
Урсула фон дер Ляйен жана Владимир Зеленский.

Европа Биримдиги Украинага 35 миллиард евро насыя бөлөт. Бул тууралуу Евробиримдиктин башчысы Урсула фон дер Ляйен билдирди.

Насыя үчүн каражат Европада камакка алынган орусиялык активдерден түшкөн кирешенин эсебинен алынат. Украина насыяны кырк жыл ичинде кайтарып бериши керек.

Евробиримдиктин башчысы менен украин президенти Владимир Зеленскийдин жума күнкү биргелешкен маалымат жыйынында фон дер Ляйен ири суммадагы насыянын берилиши “Чоң жетинин” (G7) Украинаны колдоо милдеттеринин кезектеги кадамы экенин айтты.

“Чоң жетиге” мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери июль айында Вильнюстагы НАТОнун саммитинде аскердик жардам, согуш жүрүп жатканда жана бүткөндөн кийинки калыбына келтирүүгө жардам берерин билдиришкен.

Владимир Зеленский алынган каражат ириде энергетика тармагына, жай тургундар баш калкалоочу жай сыяктуу коргонуучу инфраструктурага жана коргонуу өндүрүшүнө жумшаларын билдирди. Ал Батыштан жаңы аскер курал-жарактарын, абадан коргонуу жабдыктарды сатып алуу планын айтты.

Financial Times басылмасы аталган сумма - Украинада согуш башталгандан кийин Европадагы Борбордук банкта камакка алынган орусиялык активдерден Евробиримдик алган кирешелер экенин жазды.

Учурда Европа Биримдигинде болжол менен 200 млрд евро орусиялык актив камакка алынган. Азырынча аны конфискациялоо механизми иштелип чыга элек. Бирок Евробиримдик алардын кирешесин алып, Украинанын чыгымына жумшап жатат.

Еврокомиссиянын башчысы Украинага 20-сентябрда бара турганы, өлкө президенти Владимир Зеленский менен жолугары буга чейин кабарланган.

XS
SM
MD
LG