Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Ниязбеков ИИМ мыйзам бузган кызматкерлерден тазаланып жатканын билдирди


Улан Ниязбеков.
Улан Ниязбеков.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков “Кабар” маалымат агентигинен маек куруп, милиция мыйзам бузган кызматкерлерден тазаланып жатканын билдирди.

Ниязбеков ИИМ мыйзам бузуп кармалган милиция кызматкерлери жөнүндө дароо коомчулукка маалымат берип, анын жазага тартылганы боюнча дагы кабардар кылып жатканын белгилеген.

“Айрыкча жарандардын арыздары, кылмышты каттоодон баш тартуу, пара талап кылуу жана кызматкерлердин орой мамилеcине өзгөчө көңүл бурулууда. ИИМдин жетекчилиги кызматкерлер арасында күнүгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деди Ниязбеков.

Министр мыйзам бузган милиция кызматкери жазасыз калбай турганын кошумчалады. Улан Ниязбеков акыркы жылы канча милиция мыйзам бузуп кармалганы же жазага тартылганы жөнүндө статистиканы айткан жок.

17-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору пара алууга шек саналып кармалганын билдирген. 19-сентябрда атайын кызмат "Учкун" басмаканасынын кызматкерлери жана Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлорунун коррупциялык схемасы аныкталганын маалымдаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG