Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Сокулук: Менчиктештирилип кеткен мектептердин имараты мамлекетке өттү


УКМК тараткан сүрөт. 18-сентябрь, 2024-жыл
УКМК тараткан сүрөт. 18-сентябрь, 2024-жыл

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жыламыш айылында 376 миллион 339 миң сомдук мектептин имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 18-сентябрда кабарлады. Маалыматка караганда, мектептин имараты жана 20 гектар аянты 1998-жылы жер мыйзамдарын бузуу менен менчикке өтүп кеткен. Мектеп 200 орунга ылайыкталып, эки кабаттан турат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мектептин ээси М.Ш. аталган объектини өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берди. Айрым социалдык колдонуучулар жердин ээси коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов экенин жазышты. Ал өзү жерге тиешеси жоктугун "Азаттыкка" билдирди.

Ушул эле күнү УКМК Сокулук районундагы 255 миллион 649 миң сомго бааланган Гаврилов мектебинин имараты мамлекетке кайтарылганын билдирген. Маалыматка караганда, мектепке жанаша жайгашкан жалпы аянты 18 гектар имарат мамлекеттин балансына кайтарылган. 1992-жылы мектепти Шопоков атындагы айыл чарба кооперативи мыйзамсыз менчиктештирип алган.

Өткөн аптада УКМК Ноокат шаарында 350 миллион сомдук административдик имараты бар жер тилкеси менен "Ноокат автобекети" мамлекетке кайтарылганын билдирген.

Буга чейин Атайын кызмат Балыкчыдагы, Токмоктогу, Өзгөндөгү автобекеттер мамлекетке кайтарылганын кабарлаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG