Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

"МБулак" микрокредиттик компаниясынын кеңсеси тинтүүгө алынганы кабарланды


"МБулак", 18-сентябрь, 2024
"МБулак", 18-сентябрь, 2024

"МБулак" микрокредиттик компаниясынын Бишкектеги башкы кеңсеси тинтүүгө алынганы кабарланды. Күбөлөр компаниянын кеңсесине тинтүүдөн кийин мөөр басылганын "Азаттыктын" кабарчысына билдиришти. Алар кайсыл орган тинтүүгө алганын айтышкан жок.

Kaktus.media укук коргоо органдарындагы булактарга таянып, "Мбулак", "АБН" микрокредиттик компанияларынын кеңсеси тинтүүгө алынганын жазышты. Маалыматта аты аталган мекемелер кош эсеп жүргүзүүгө шек саналып жатканы белгиленген.

Аты аталган компаниялар текшерүү, тинтүү тууралуу комментарий бере элек.

Сентябрдын башында “Куликовский” ишканасынын кеңсеси тинтүүгө алынганы кабарланган. Бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары укук коргоо органдарындагы жеке булактарына шилтеме берип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Куликовский кондитер үйү” ишканасынын Бишкектеги кеңcесин тинтүүгө алып, документтерин алып кеткенин жазышкан. Андан тышкары башкы кеңсесине мөөр басылганы кабарланган.

Атайын кызмат дагы, "Куликовский" ишканасы дагы бул тууралуу маалымат берген эмес. Бирок ишкана иштеп жатканы айтылган. (MKt/KE)

XS
SM
MD
LG