Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

16-сентябрь: "Ата-Журт" партиясы шайлоого катышпайт, ФБР Трампка кол салуу аракетин иликтейт


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев

16-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

"Ата-Журт" партиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышпайт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна "Ата-Журт" партиясы катышпай турганын Фейсбук баракчасына жазды. Ал бийликте турган учурда "Ата-Журтту" шайлоолорго катыштырбай турганын айткан. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 6-сентябрда жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана жаңы шайлоо дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештери таркатылып, жаңы шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган.

Мурдагы вице-премьер Зилалиев 4-ноябрга чейин камалды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтомуна ылайык, мурдагы вице-премьер- министр Дүйшөнбек Зилалиев 4-ноябрга чейин камалды. Маалыматка караганда, Зилалиев №1 тергөө абагында (СИЗО-1) болот. Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков кармалганы 13-сентябрда белгилүү болгон. Ишенимдүү булактар Сатыбеков 4-ноябрга чейин тергөө абагына камалганын кабарлады. УКМК аларды лицензия берүүдөгү жемкорлукка шек санап жатканын "Азаттыкка" атайын кызматтагы булактар билдиришкен. Азырынча расмий комментарий бериле элек. Шектүүлөр анык кайсы ишке байланыштуу колго түшкөнү беймаалым. "Азаттык" алардын өзүнөн же жакындарынан жана адвокаттарынан комментарий ала алган жок.

Ысык-Көлдө тогуз жаштагы кызды зордуктоого шектүүлөр кармалды

"Азаттыкка" облустук милициянын маалымат кызматы 16-сентябрда маалымдагандай, 9-сентябрда милицияга Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын тургуну кайрылып, ошол эле күнү Көк-Сай аймагынан эки адам тогуз жаштагы кызын ур-токмокко алып, зордуктаганын билдирген. Факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин ("Зордуктоо") негизинде кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү катары Барксоон айылынын 25 жаштагы тургуну О.А. жана 19 жаштагы Э.Э. аттуу тургуну кармалып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Кармалгандар Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Тергөө уланууда.

Украина Киевге жасалган жапырт чабуулдун мизи кайтарылганын билдирди

Украинанын Аскердик-аба күчтөрү 16-сентябрга караган түнү Орусия өлкө аймагына учурган 56 согуштук дрондун 53ү атып түшүрүлгөнүн, негизинен бутага борбор калаа Киев алынганын, ушуну менен шаар сентябрь айы башталгандан бери сегизинчи жолу жапырт чабуулга кабылганын билдирди. Киев облустук аскердик администрация башчысы Руслан Кравченко дрондун сыныгы түшкөн жерде бир аял жараат алганын, ал ооруканага жаткырылганын маалымдады. Шаардык аскердик администрация башчысы Сергей Попко сокку үч саат бою урулганын айтты. “Азаттык” радиосу согуш жүрүп жаткан аймактар боюнча эки тараптын тең маалыматтарын өз алдынча ырастай албайт.

Трампка кол салуу аракети, Флоридадагы атышуу тууралуу маалымат айтылды

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу жекшемби күнү Флорида штатынын Уэст-Палм-Бич шаарындагы гольф аянтчасында, Республикалык партиядан президенттикке талапкер Дональд Трамп жүргөн учурда болгон ок атуу фактысын саясатчыга каршы жасалган кол салуу аракети катары иликтеп жатканын билдирди.
Шектүү кармалганы кабарланды. Маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда, ал 58 жаштагы Райан Рут аттуу жаран. Анын буга чейин дагы бир нече мыйзам бузганы аныкталган. 2023-жылы Рут New York Times гезитине маек берип, мурдагы ооган армиясынын жоокерлерин Украинанын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөгө көндүрүүгө жардам бергенин жана 2022-жылы Украинада бир нече ай болгонун айткан. Шектүү эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз.

Европанын айрым өлкөлөрүн сел каптап, кеминде 11 киши каза болду

Борбордук жана Чыгыш Европада селдин айынан өмүрү кыйылгандар кеминде 11 адамга жеткенин бүгүн 16-сентябрда Deutsche Welle билдирди. Чех полициясынын маалыматына караганда, Брунтал шаарындагы Красовка дарыясында бир киши сууга чөгүп каза болду, өлкөнүн ар кайсы аймактарында дагы жети кишинин дайыны табылбай жатат. Австрияда суу каптаган үйлөрдө эки кишинин сөөгү табылды. Буга чейин каза болгондор кеминде сегиз адам (Румынияда алты, Австрияда бир жана Польшада бир) экени кабарланган. Табигый кырсыкка тынбай жааган нөшөр жаан, катуу шамал жана кээ бир аймактарда жааган кар себеп болду.

Өзбекстан жана Германия ортосунда миграция макулдашуусу кабыл алынды

Документке 15-сентябрда Самарканд шаарында немис канцлери Олаф Шольцтун Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлду. Шольц Өзбекстанга Мирзиёевдин чакыруусу боюнча расмий сапар менен жекшемби күнү барды, ошол эле күнү расмий делегациялардын сүйлөшүүсү өттү. Өзбек бийлигинин маалыматы боюнча, былтыр Өзбекстан менен Германия ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү миллиард евродон ашты. Жыл башынан бери немис компаниялары Өзбекстандын экономикасына 800 миллион евро инвестиция салышты.

Президент Садыр Жапаров "Борбор Азия – Германия" мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн 17-сентябрда Казакстанга иш сапары менен барат. "Борбор Азия - Германия" саммити 17-сентябрда Астанада өтөт..

XS
SM
MD
LG