Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

STEM олимпиадасы менен күрөш чемпионатынын жеңүүчүлөрү сыйланды


Ийгилик жараткан жаштар сыйланды. 16-сентябрь, 2024-жыл
Ийгилик жараткан жаштар сыйланды. 16-сентябрь, 2024-жыл

Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда STEM тармагындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда, ошондой эле Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатта (U20) байгелүү орундарды ээлегендер жана алардын мугалимдери менен жолугушту.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө медал алып, ийгилик жараткан окуучулар менен мугалимдерге 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин акчалай сыйлык тапшырылды.

Спортчуларга алган орундарына карап 100 миң сомдон 600 миң сомго чейин акчалай сертификаттар берилди. Президенттин расмий сайтына сыйлангандардын тизмеси жарыяланды.

Ийгилик жараткан жаштар сыйланды. 16-сентябрь, 2024
Ийгилик жараткан жаштар сыйланды. 16-сентябрь, 2024

Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мектеп окуучулары илим, технология, инженерия жана математика багытындагы эл аралык олимпиадаларда математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча медалдарды жеңип, ийгиликтерди жаратууда.

Ал жеңишке жеткен окуучулар келечекте Кыргызстандын экономикасын жана илимий-изилдөө потенциалын өстүрүүгө салым кошоруна ишенерин айткан. Ошондой эле өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө, энергетика, айыл чарба, экономика жана башка тармактарда билимдүү жаштарга муктаждык бар экенин белгилеген.


Быйыл июлда 65-Эл аралык математикалык олимпиадада (International Mathematical Olympiad 2024 (IMO) биринчи жолу командалык эсепте Кыргызстан 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи.

Кыргызстандык окуучулар бир алтын медал, үч күмүш медал жана эки ардак грамотага ээ болгонун Билим берүү жана илим министрлиги билдирген.

Биринчи орунду Бишкектеги №61 мектеп-лицейдин окуучусу Назар Кыргызбаев ээлеген.

Ийгилик жараткан жаштар сыйланды. 16-сентябрь, 2024
Ийгилик жараткан жаштар сыйланды. 16-сентябрь, 2024

Ошондой эле президент Испанияда өткөн Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (U20) кыргызстандыктар байгелүү орундарды багындырганын, ушундай ийгиликтердин артында көп жылдаган мээнет жатканын айтты.

Испаниянын Понтеведра шаарында өткөн күрөш боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында (U-20) кыргызстандык балбан Асан Жанышов алтын медал тагынган. Күрөштүн бул түрүнөн 130 килограмм салмакта Самаган Ормонов коло байгеге ээ болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG