Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Өзбекстан жана Германия ортосунда миграция макулдашуусу кабыл алынды


Олаф Шольц жана Шавкат Мирзиёев.
Олаф Шольц жана Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстан жана Германия миграция боюнча макулдашуу кабыл алганын, документке 15-сентябрда Самарканд шаарында немис канцлери Олаф Шольцтун Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлганын өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Шольц Өзбекстанга Мирзиёевдин чакыруусу боюнча расмий сапар менен жекшемби күнү барды, ошол эле күнү расмий делегациялардын сүйлөшүүсү өттү.

Жалпысынан сегиз документке кол коюлганы, алардын бири «миграция жана мобилдик тармактагы ар тараптуу өнөктөштүк» деп аталары, бул макулдашуу аталган багытта «ачык жана системдүү кызматташтыкты уюштуруу» максатын көздөй турганы, өзбекстандык зарыл адистерди Германияга даярдоо жана жөнөтүүнүн «жол картасы» иштелип чыгары белгиленди.

Өзбекстандык басылмалар жазгандай, Шольц «Экономикабыздын өсүшү үчүн Германияга зарыл болгон таланттуу жумушчулардын иммиграциясын камсыздайбыз. Ошол эле учурда биз кайра кайтышы керек болгондордун кайтуусу боюнча жөнөкөй, бюрократиялык эмес процедураларды макулдашып жатабыз», - деп айтты.

Өзбек бийлигинин маалыматы боюнча, былтыр Өзбекстан менен Германия ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү миллиард евродон ашты. Жыл башынан бери немис компаниялары Өзбекстандын экономикасына 800 миллион евро инвестиция салышты.

Мирзиёевдин айтымында, Өзбекстанда жаштар арасында немис тилине кызыгуу көбөйүүдө, азыркы тапта 300 миңдей улан-кыз немисче сүйлөй алат.

Шольцтун Өзбекстанга сапары укук коргоочулар жалпы Борбор Азия аймагында адам укуктарынын абалы боюнча көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырып жаткан чакта уюштурулду.

Бүгүн 16-сентябрда немис канцлери расмий сапар менен коңшу Казакстанга барды. Астанада Борбор Азия лидерлери менен «5 + 1» форматындагы саммит өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG