Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:47

Садыр Жапаров элди таштанды маселесинде кайдыгер болбоого чакырды


Президенттин басма сөз кызматы тараткан сүрөт.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 14-сентябрда өзүнүн администрациясында иштегендер менен чогуу ишембиликке чыкты. Алар "Теплые ключи" дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагын тазалады.

Жапаров анда өлкөдө айлана-чөйрөнү булгап, таштандысын калтырып кеткендер тууралуу айтып, бул маселеде бардык тургундар кайдыгер болбошу керектигин белгиледи.

"Ар бир кыргызстандык ушундай жерге келип эс алганда жаратылышты таза сактоо керектигин билиши керек. Таштандысын калтырып кеткендер бир күндүк жошоо менен жашаганга көнүп алган. Ушул жерлерде алардын балдары, неберелери деле эс алат да. Ар бир кыргызстандык кетип баратканда "таштандысын калтырып кетиптир" деп басып кетпей, ошону жыйнап, баштыкка салып ала кетсе колуна жугуп калбайт. Таштанды жатса укмуш сындайбыз. Тазалыкты сактоону мектеп жашынан үйрөтүшүбүз керек", - деди Жапаров.

Садыр Жапаров август айында дагы калкты жаратылышка аяр мамиле кылууга жана көрүнгөн жерге таштанды таштабоого чакырган. Президент акыр-чикир жаткан жерлер көп экенин эскерткен.

Кыргызстанда бир канча жылдан бери таштанды маселеси көйгөй жаратып келет.

XS
SM
MD
LG